Бүгүн 15-октябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинде райондор деңгээлдеги окуу-практикалык конференция өткөрүлдү.
            Аталган иш-чарага райондун акими Кайырбек Чаргынбаев катышып, коомдук ишмер, Н.Жайлообаевдин фондунун төрагасы Ормонбек Жайлообаеге Ала-Бука районунун «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.
          Ошондой эле КРнын эмгек сиңирген мугалими, филология илимдеринин кандидаты, доцент, Салийма Абыловнага райондук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы» тапшырылды. Бул илимий практикалык конференциянын жүрүшүндө «Биринчи мугалим-Назармат Жайлообаевдин» өмүрү чыгармачылыгына багытталган баяндамаларды даярдаган баяндамачыларга Ардак грамоталар ыйгарылды. Окуу практикалык конференциянын соңунда конференцияны мыкты уюштургандыгы үчүн Н.Жайлообаев фондунун жетечиси Ормонбек Жайлообаевге жана Ала-Бука кесиптик колледжине ыраазылыктар айтылды.