ОКУУ-УСУЛДУК, ИЛИМИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Ала-Бука кесиптик колледжинин педагогикалык курамы жалпы билим берүү үчүн замандын талабына ылайык жүргүзүлүүчү өзгөрүүлөргө, жаңыланууларга, реформаларга таянып өлкөнүн билим берүү жана илим министрлигинин, өкмөттүн, жергиликтүү башкаруу системаларынын талаптарына ылайык квалификациялуу  адистерди даярдоо жана интелегенциялык чөйрөсүндө кызмат өтөөгө салым кошуу. Ал эми  мунун натыйжасында колледждеги окутуучулар курамы ар түрдүү багыттагы коомдук жана милдеттүү тапшырмаларды алып барышат.

Колледждин окутуучулары  өз билимдерин өркүндөтүү үстүндө тынымсыз аракеттенип, илимий темаларды алуу менен ар тү багыттарда изилдөө иштерин жүргүзүдө. Алар түрдүү багыттагы коомдук тапшырмаларды, куратордук жумуштарды алып барышат, муну менен өлкөнүн билим берүү системасында жана интеллигенциялык чөйрөсүндө кызмат өтөөгө салым кошушат.

Учурда колледжде 15 окутуучу эмгектенет. Бардыгы штаттык окутуучулар, алардын ичинде 2 илимдин кандидаттары, 5 ага окутуучу, 8 окутуучулар эмгектенишет. Булардын ичинде 5 билим берүүнүн отличниги, 1 КР ардактүү мугалими бар.

Башкача айтканда колледждеги  профессордук-окутуучулук    курамдын    сапаттык    көрсөткүчү  13% ды  түздү. Жаңы келген окутуучуларга насаатчылар бекитилген.