Материалдык -техникалык база

Материалдык -техникалык база
Ала-Бука кесиптик колледждин материалдык-техникалык жана маалымат ресурстары талапка ылайык келет.

Колледждин китеп фонду 16500 даана (2 400 000сом), анын ичинде: методикалык-1900; жалпы билим берүүчү — 1700; атайын предметтер – 3900; сөздүктөр, энциклопедиялар –2000; көркөм адабияттар- 2400; спорт жана маданият – 1300; ар кандай курстар үчүн – 1900;ж.б. 2018-2019-жылында китепканага 300дөн ашык окуу китептер сатылып алынган. Мындан сырткары, колледжде электрондук китепкана түзүлүүдө. Коллеждин окутуучулары тиешелүү дисциплиналардан лекцияларынын, силлабустарынын, тесттик тапшырмаларынын, экзамендик суроолорунун электрондук варианттары бар.

Колледждин пайдалануусунда төмөнкүлөр бар: чоң актылык зал, лекциялык залдар, практикалык сааттарды өткөрүү үчүн аудиториялар, лабораториялар, интернетке туташтырылган жана инновациялык жабдыктар менен камсыздалган компьютердик класстар, спорттук аянт, ашканалар. Колледждин жалпы аянты окуу процессин уюштурууга шарт түзөт. Эреже боюнча бир студентке 7м2 аянт туура келсе, биздин окуу жайда бир студентке 10м2 аянт туура келет. Ал эми студенттердин окуу аянты менен камсыздоо кɵрсɵткүчү 1:15,5 м2.

Колледждин окуу процессин камсыздоо үчүн керектүү болгон окуу, материалдык-техникалык база жетишерлик санда жана заманбап материалдык-техникалык жабдыктар менен жабдылып, камсыздалган жана толугу менен шарттар түзүлгɵн. Колледжде жалпы 41 компьютер, 5 принтер, 4 проектор, 3 интерактивдүү доска бар. Анын ичинен стунденттер үчүн 3 компьютердик класста 32 компьютер бар жана интернетке туташтырылган. Студенттерди компьютерлер менен камсыздоо 1 компьютерге 4 студенттин саны туура келет. Окуу процессин толук ишке ашрыууга окуу кааналары жана жабдуулар жетиштүү. Колледж билим берүү ишмердүүлүгү үчүн 2 окуу корпусун колдонот. Имараттар санитардык, өрткө каршы талаптарга, ошондой эле эмгекти коргоонун жана коопсуздук техниканын талаптарына жооп берген жетиштүү аянтка ээ.

Жалпысынан окуу аянты 1601 м2, ал эми пайдалуу окуу аянты 613,54 м2, экинчи окуу корпусунун жалпы аянты 835,51, ал эми пайдалуу окууаянты 677,93м2 түзөт. Жалпы – 1291,47м2

Окуу процессин жүргүзүү үчүн 2 окуу корпусунда: 2 спорттук аянтча, 1 чоң актылык 95,04м2, 1 гимнастикалык зал 69,37м2, 1 тенистик зал 67,65 м2. 2 кичи конференция,1 хореографиялык, 1 тренажордук зал, 6 лекциялык, 2 лабораториялык, 10 практикалык, 2 компьютердик, 1 лингафондук каана, тигүүчүлүк, чач тарач, медпункт кабинеттери пайдаланылат. Ала-Бука кесиптик колледжинде AVN маалымат системасынын негизинде окуу процесси жүргүзүлөт.

Кесипкѳй адистерди даярдоо үчүн колледжде бардык шарттар түзүлгѳн: заманбап техникалык каражаттар, интерактивдик доскалар менен жабдылган, видеокѳзѳмѳл орнотулган, лекциялык залдар, атайын адистештирилген окуу лабораториялары, интернет түйүнүнѳ туташтырылган компьютердик кааналар менен жабдылган.

Колледжде ар жылы өз убагында косметикалык оңдоолор жүргүзүлүп турат. Колледжде ысытуу системасы эң жакшы иштейт.