Тарбиялык — маданий ишмердүүлүгү

Улук болсом тилим менен улукмун, Улут болсом тилим менен улутмун

 Мамлекеттик тил күнүнүн кабыл алынган маырамына карата бардык мекеме уюмдарда иш-чаралар өткөрүлдү. Ага карата Ала-Бука колледжинин ПНК9-4-17 тайпасы тарабынан атайын концерттик кече уюштурулду. Анда студенттер саламдашуу, макал – лакаптар, обондуу ырлар, кыргыз бийлери, манастан үзүндү сахналаштырып чагылдырып беришти, кызыктуу оюндар жалпысы болуп 20 дан ашуун номерлер көрсөтүлдү. Өзгөчө кыргыз эли байыртадан эле айтыш өнөрүнө басым жасап, “кайнене – келиндин” айтышы көрүүчүлөргө көбүрөөк жакты. Андан сырткары кыргыз тили, кыргыз эли тууралуу ырларды көркөм окушту. Мындай ыр саптарды канча ирет уксакта жан дүйнөнбүз кубанып жатты. Чындыгында студенттер өз таланттарын көрсөтүү менен келечекте мыкты адис чыгарын далилдей алды десем болот. Бул иш-чараны көзөмөлүнө алган колледждин кыргыз тили жана адабияты мугалими Назира Мырзабекова эжеке мыкты мугалим болуу менен мыкты уюштуруучу экендигин көрсөттү. Тил майрамы ар күнү белгиленип жаткандай эне тилибизге көңүл бурсак тилибиз башка мамлекеттердин тили менен тең тайлаша өнүп-өсөт.

… Биз тилибиз бар элбиз, тилибиз бар улутпуз, тилибиз бар мамлекетпиз, ушул улуу ойдон улам тилибизге аяр мамиле кылуубуз керек. Бекеринен “диниңди берсең да тилиңди бербе” деп айтпаган чыгар.

            “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” дегендей дүйнө тургай, аалам жаңырган учур келет. Аба алмашат, суу нугунан бузулат, жер көчөт, эл көчөт, жер жүзүн мекендеген майда жандыктар турган адам өзу жок болгон учур да келет. Бирок, ошондо да эне тилинде айтылып, жазылып калган сөз өлбөйт, жан эргиткен мукам ыр өлбөйт. Укумдан-тукумга, муундан-муунга, ай-аалмга чызып, кыргыз тилибиздин өмүрү узун болсун дейли!