Иш_берүүчүлөр_менен_жолугуш

2024-жылдын 16-май күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинде билим сапатын жогорулатууну камсыздоо максатында иш берүүчүлөр менен  жолугушуу өткөрүлдү.

🔶 Ала-Бука кесиптик колледжинин директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна  КӨЭАУнун миссиясы жана стратегиялык планы менен тааныштырды.

🔶 Гуманитардык-педагогикалык дисциплиналар бирикмесинин башчысы А.Абдиматова жана Каржы (тармактар боюнча) адистигинин жумушту топтун төрайымы Д.Турсунова  билим берүү программаларынын НББПсы (негизги билим берүү программасын) жана ОКНсы (окутуунун күтүлүүчү натыйжалары) боюнча докладдарды окушту.

Окуу пландарындагы элективдик сабактардын каталогундагы дисциплиналар кызыктар тараптар менен талкууланды. Ой пикирлер, сунуштар айтылды.

🔶Иш чаранын жыйынтыгында колледж менен окуу-усулдук иш чаралар боюнча тыгыз байланышта иштеп, көмөк көрсөтүп келе жаткан иш берүүчүлөргө «Ыраазычылык баракчалары» берилди.