Ата энелер менен жолугушуу

2024-жылдын 17-май күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинде билим сапатын жогорулатууну камсыздоо максатында ата-энелер менен  жолугушуу өткөрүлдү.

Ала-Бука кесиптик колледжинин директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна КӨЭАУнун миссиясы жана стратегиялык планы менен тааныштырды.

Гуманитардык-педагогикалык дисциплиналар бирикмесинин башчысы А.Абдиматова  билим берүү программаларынын НББПсы (негизги билим берүү программасын) жана ОКНсы (окутуунун күтүлүүчү натыйжалары) боюнча доклад окуду. Окуу пландарындагы элективдик сабактардын каталогундагы дисциплиналар ата-энелер менен биргеликте талкуулануу менен ой пикирлер, сунуштар айтылды.

🔶Иш чаранын жыйынтыгында колледж менен окуу-усулдук иш чаралар от боюнча тыгыз байланышта иштеп, көмөк көрсөтүп келе жаткан ата-энелерге «Ыраазычылык баракчалары» берилди.