10-ноябрь — Жаштар күнүнө карата райондук деңгээлде уюштурулган майрамдык иш-чарага Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинин алдыңкы студенттери ийгиликтүү катышып, мыкты деңгээлде өнөрлөрүн тартуулап кайтышты. Студенттерибиз өздөрүнүн жигердүүлүгү жана таланттары менен өзгөчөлөнүп, окуу жайыбыздын аброюн дагы бир ирет бийик көтөрүштү.

Келечек ээлери болгон жаштарыбызга ар дайым ийгиликтер жана бийик жетишкендиктер коштоп жүрсүн!