Академиялык мобилдүүлүк алкагында конок лекция өтүлдү.
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинин «ГПД»бирикмесинин ага окутуучусу Мирзабекова Назира Ташбаевна 6-октябрдан 9-октябрга чейин Бишкек шаарындагы Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинде академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү алкагында Кыргыз тили дисциплинасынан «Кептин стилдери» жана «Расмий иш кагаздары» темаларында М-1-26, ФН-1-26, ЭСМК-1-26, ТОР-1-26, СТ-1-26, СТ-2-26 тайпаларына 8сааттык конок лекция өттү.
Конок лекция студенттер үчүн өзгөчө пайдалуу болуп, алардын кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистен кеңири жана мазмундуу жоопторду алышты.
Мындай иш-чаралар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана студенттердин келечектеги кесиптик өсүүсүнө өбөлгө түзөт.





Билим ордосу Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинин директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна жана Манас шаарындагы К.Ш.Токтомаматова атындагы Эл аралык университетинин Гуманитардык экономикалык колледжинин директору, PhD доцент Улан уулу Авакан менен биргеликте түзүлгөн келишимдин негизинде «Эсеп-каржы сабактар» кафедрасынын 3-курсунун студенттери Мелибаева Мафтуна Марипжановна жана Турсунов Азизбек Алиержанович академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2026-жылдын 9-мартынан 13-мартына чейинки аралыкта Ала-Бука кесиптик колледжинде билим алып жатышат.
Окуу учурунда студенттер каржы багыты боюнча сабактарга катышып, өз кесиптери боюнча кошумча билим жана тажрыйба алышууда.
Мындай мобилдүүлүк программасы студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, жаңы билим берүү ыкмалары менен таанышууга жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт

