2022-жыл 9-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 2022-жылдын 23-ноябрында болгон отурумунун протоколдук тапшырмасына ылайык «Гендердик зордук-зомбулука каршы күрөшүү 16 күндүк» кампаниясынын алкагында «КОРКПО. ТОКТОТ. ЖАША!» деген ураан астында жыйынтыктоочу иш-чара окуу жайда уюштурулду.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г.Курманбаева, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, Райондук Билим Берүү бөлүмүнүн усулчусу Д.Молдошбаева, Ала-Бука райондук жаштар иштери боюнча адиси С.Айтиева, райондук жаштар уюмунун жетекчиси, райондук аялдар кеңешинин мүчөлөрү, мектептин соц.адистери, окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттер тартылып, “Биз зомбулукка каршыбыз” деген аталышта тегерек стол өткөрүлдү.
Бул иш чаранын контингенти чоң болгондуктан тегерек стол суроо жооп жана талкуу менен жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага келген коноктор жана райондук администрация колледждин жогорку деңгээлде уюштуруу менен өткөргөндүгүн белгилеп ыраазычылыгын билдиришти.