Жаш муундарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү келечекке максаттуу кадам.
17-ноябрь күнү студенттердин эл аралык күнүнө карата Ала-Бука кесиптик колледжинин Ф9-2-20 тайпасы, куратору Козукулова Элгиза тарабынан «Мурас» ресторанында «Кайрылып келбес, канатын кербес, студенттик күндөрдөн бир элес» аттуу майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү .
Өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы студенттерге окуу жайыбыздын директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна тарабынан диплом, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.О.Э бул күнү ак эмгеги, чыгармачылыгы менен, агартуу тармагына баралдуу салым кошкон устаттарыбыз, окутуучуларыбыз, жылдын мыкты устаты, мыкты окутуучусу, мыкты кызматкери деген дипломдор менен сыйланышты. Берилген сыйлыктар баарыбыз үчүн дагы, дагы изденүүгө чыгармачылык шык тартуулайт.