#Райондук_тегерек_стол_2023_жыл_14_декабрь
♦️Бириккен Улуттар Уюмунун коррупцияга каршы Конвенциясына ылайык жыл сайын 9-декабрда коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнү белгиленип келет. Бүгүн коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата Ала-Бука райондук прокуратурасынын демилгеси менен Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун Ала-Бука кесиптик колледжинде «Акыйкаттык тайган жерде коррупция уялайт» деген аталыштагы райондук тегерек стол өткөрүлдү.
♦️Иш-чарага Ала-Бука районунун прокурорунун орун басары Эргешбаев Толкунбек Эргешбаевич, прокурордун жардамчысы Шамилов Нуристан Шамилович, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Баймуратов Атамырза, Райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Аракеев Шумкарбек, райондун аймагында жайгашкан 17 мектептин мугалимдери жана окуучулары, колледждин студенттери жана окутуучулар жамааты катышып, пландалган тегерек стол эки бөлүктө өткөрүлдү.
♦️Алгач иш-чараны колледждин директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна ачып берип коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюда ар бир инсан өз салымын кошуусу керектигин баса белгилеп кетти. Өткөрүлгөн тегерек столдун биринчи бөлүмүн окуучулар жана студенттер тарабынан даярдалган видеороликтер жана дубал гезиттерди коргоо менен аяктады.
♦️Экинчи бөлүгүндө райондук прокуратуранын кызматкерлери сөз сүйлөп, анда коррупция жана анын кесепеттери жөнүндө түшүндүрмө берип, андан соң студенттердин суроолоруна жооп берүү менен жыйынтыкталды.
♦️Иш-чаранын соңунда иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруп өткөргөндүгү үчүн Ала-Бука кесиптик колледжинин директоруна жана жалпы эмгек жамаатына Ала-Бука Райондук прокуратурасы жана Билим берүү бөлүмү тарабынан ыразылыктар айтылды.