Республикалык_ONLINE_илимий_практикалык_конференция
22.12.2023-жыл.
♦️КРнын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 31-декабрындагы А.Масалиевдин 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндөгү №415 жарлыгына ылайык Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун Ала-Бука кесиптик колледжинде Кыргыз Республикасынын баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракесине карата өткөрүлдү. 📝Конференцияга Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Ж.Токтогулов, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык иштер боюнча орун басары А.Жунусалиева жана Прага шарынан т.и.д.,профессор, журналист Кыргыз тарых коомунун Президенти Тынчтыкбек Кыдырмамбетович Чоротегин, тарых жана саясат таануу илиминин доктору, И.Раззаков атындагы КМТУнун профессору Акунов Аалыбек Акунович, т.и.к., ОшМУнун доценти Шаанов Талант Мурадиллаевич, ю.и.д., Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун профессору Көкөева Алмагул Муктарбековна, т.и.к. ЖАМУнун Турсунбек Бекболотов атындагы Аксы колледжинин окутуучусу Наркеев Сапарбек Анарбекович жана Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Аксы шаарындагы кесиптик орто окуу жайларынын окутуучулары, Аксы жана Ала-Бука районунун жалпы билим берүүчү мектептеринин мугалимдери катышты.
♦️Алгач конференцияны КӨЭАУнун Ала-Бука кесиптик колледжинин директору Г.М.Кожобекова ачып, конференциянын максаты менен тааныштырды, улуу инсандын жасаган иштерин эл арасында жайылтуу менен жаштарды анын үлгүсүндө тарбиялоо экендигинн баса белгиледи.
♦️Андан соң Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун ректору, э.и.д.,профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович конференциянын конокторун жана катышуучуларын куттуктап, конференцияга ийгилик каалады.
📝Конференцияга 70тен ашык макала келип түшүп, 3 секцияда иш алып барылды. Пленардык жыйында бир топ илимпоздор баяндама жасашты. Анда коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин өмүр таржымалынан тартып Кыргыз Респпубликасы үчүн жасаган эмгектери жөнүндө баяндамалар окулуп, кеңири талкуу жүргүзүлдү.
Аягында резолюция кабыл алынып конференциянын иши жыйынтыкталды.