Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжи билим күнүн майрамдык маанайда тосуп алды.

Берекелүү меймандос Ала-Бука районунда жайгашкан окуу жайдын 2-окуу имаратынын алдында уюштурулган салтанаттуу жыйынга колледж директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна, ф.и.к доценти,чейрек кылым тарыхы бар аталган окуу жайыбызды түптөп келечек ээлерине татыктуу билим алуусуна баралдуу салым кошуп, ак эмгегин арнаган Рысбаева Салийма Абыловна жалпы окутуучулар курамы жана студенттер, ата энелер о.э Ала-Бука инновациялык мектебинин окуучулары катышты.

Куттуктоо сөзүндө колледж директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети 30 жыл аралыгында, ал эми Ала-Бука кесиптик колледжи 25 жыл аралыгында татыктуу адистерди даярдап чыгарганын белгилеп, окуу жайдын босогосун жаңыдан аттап жаткан 1- курстун студенттерине ак жол каалады.

Куттуктоо сөзүнө чыккан окутуучулар, ата энелер жана студенттер окуу жайдын артыкчылыктары боюнча маалымат беришти.

Алардын катарын толуктаган 1-курстун студенттерине ишеним чоң экендигин айтышып, майрамдык маанайда башталган окуу жылы ийгиликтер менен коштолушуна тилектеш экендиктерин билдиришти. Салтанатты окуу жайдын студенттик жаштар комитетинин төрайымы Элгиза Козукулова жетектеген чыгармачыл студенттери жана Ала-Бука инновациялык мектебинин окуучулары класс жетекчиси Хасанбаева Дилобар тарабынан даярдалган концерттик прогорамма менен коштолду.