Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнин Ала-Бука кесиптик колледжинде кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 35 жылдыгы салтанаттуу белгеленди.

♦️Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында Республикабыздын Мамлекеттик тил күнүнө, кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 35 жылдыгына карата “Мамлекеттик тилге таазим!” аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү.
♦️ Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 35 жылдыгы — өлкөбүз үчүн, тилибиз үчүн абдан маанилүү маареке! Майрамдык салтанатка Ала-Бука кесиптик колледжинин директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна катышып, майрамдык куттуктоосу менен бирге мамлекетибиздин, элибиздин, тилибиздин мындан ары да өсүп-өнүгүүсүн каалап кетти. Куттуктоодон кийин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүн, кыргыз тилинин өнүгүүсүн чагылдырган видео көрсөтүүлөр берилип, кыргыз тарыхы жана тили боюнча сахналаштыруулар,
улуттук патриоттук ырлар, бийлер жана улуттук аспаптарда обондор тартууланып, кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларынан көркөм окуулар окулду.
♦️Салтанатты ПНК9-10-23 тайпасынын студенттери куратору Г.Акишова менен биргеликте уюштурулуп өткөрүлдү. ♦️Жалпысынан айтсак, окуу жайыбызда Мамлекеттик тил күнү анын 35 жылдык маарекеси татыктуу белгиленип, катышуучулардын жана меймандардын купулуна толду.