♦️Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинде 4-октябрь күнү «Мугалим таалайдын тазасы, тарбиянын башаты»деген аталышта ПНК9-9-22 тайпасы жана куратору К.Эргешова менен биргеликте майрамдык иш чара жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.
♦️Алгач ачып берүү үчүн сөз колледждин директору Гулкайыр Муратовнага жана «ГПД» бирикмесинин башчысы Айпери Каныбековнага берилип, эжекелердин жалпы колледждин жамаатына айткан каалоо тилектери көпчүлүккө кубануу жана жылуу сезимдерди тартуулады.
♦️Бул өткөрүлгөн иш чарада студенттер өздөрүнүн түрдүү таланттарын көрсөтүшүп, залда отурган мугалимдер жамаатына жана студенттерге өзгөчө маанай күлкү тартуулашты. Иш чаранын алгачкы этаптарында саламдашуу менен биргеликте биздин алтындай болгон мугалимдерге арналган видеоролик көрсөтүлдү.
♦️Кыргыз бийи жана башка улуттардын бийлери, мугалимдерге арналган кызыктуу оюндар, көңүл көтөргөн тамашалуу көрүнүштөр, мааниси терең көркөм ырлар көрүүчүлөрдүн майрамдык маанайын жогорку деңгээлге көтөрдү.
♦️Иш чаранын акыркы этабы катышуучулардын хор ыры менен жыйынтыкталып, студенттер мугалимдерге берген билими,тарбиясы үчүн таазим кылышып, алкыш сөздөрүн айтышып, иш-чараны жыйынтыкташты.