Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнин Ала-Бука инновациялык мектебине жаңы окуу куралдары тапшырылды.

♦️Бүгүн, 2024-жылдын 11-сентябрь күнү Ош шаарындагы Орус кызматташтыгынын жетекчиси Авраам Дмитрий Николаевич баштаган делегация Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асановичтин кабыл алуусунда Ала-Бука инновациялык мектебине Россия Федерациясынын алкагында, былтыркы окуу жылында мектеп директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна жана Ала-Бука инновациялык мектебинин алдыңкы мугалими Хасанбаева Дилобар Тажибаевна тарабынан демилгеленип жөнөтүлгөн заявканын негизинде Ала-Бука инновациялык мектебине Россия Федерациясынын «Билимди өнүктүрүү» мамлекеттик программасынын алкагында жалпы суммасы 8821АКШ долларына барабар болгон 1030 даана окуу куралдары тапшырылды.
♦️Окуу куралдарын тапшыруу аземине Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышып, Орус кызматташтыгынын өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.
♦️Аталган инвестиция Орус кызматташтыгы менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин көп жылдык бирдиктүү кызматташуусунун негезинде окуу жайдын эл аралык байланыш жана стратегиялык өнүгүүлөр ишмердүүлүгү тарабынан жүзөгө ашырылды.