#Райондук_тегерек_стол

Аялдарга карата зомбулукту токтотууга жана жаш өспүрүм кыздарга коомдо ар тараптуу туура тарбия берүү максатына багытталган тегерек стол өткөрүлдү.

2024-жылдын 4-декабрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинде «Кызды кырк үйдөн тыйуу» деген темада жалпы райондук деңгээлдеги тегерек стол болуп өттү.

Аталган тегерек стол гендердик теңчилик, зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча өткөрүлүп жаткан 16 күндүк активизм компаниясын өткөрүүнүн алкагында уюштурулду.

16-күндүк кампанияны өткөрүүнүн негизги принциптери кыздар арасында коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү болтурбоо, о.э аялдардын кызыкчылыктарын коргогон жаштарды колдоо, аялдар кыймылдарын жана алардын «16 күндүк активизм» кампаниясында жана аялдар менен кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүүдө лидерлигин урматтоо жана таанууга багытталган.

Аталган тегерек столго Ала-Бука Райондук Мамлекеттик Администрациясынын социалдык иштер боюнча адистери, Ала-Бука Райондук жаштар иштери боюнча адиси Сажида Айтиева, Ала-Бука райондук РИИБнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Айпер Эркиновновна, Ала-бука Райондук ГСБнын гинекологу Асель Мамбетова, Ала-Бука райондук эмгек жана социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө, балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү катышып, Кыргызстанда зомбулукка кабылган аялдар боюнча баяндамаларын жасашты.

Тегерек столдун жүрүшүндө окуу жайыбыздын директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна өспүрүм кыздарга билим алуу менен татыктуу кадр болуп элибиздин уучун уланткан, намыстуу, эмгекти сүйгөн ар тараптуу колунан көөрү төгүлгөн энелерибиздей мээримдүү болууга үндөдү.

Гендердик зомбулукка каршы 16 кюж Джал жпздырайын зүндүк кампаниянын иш чаралары түзүлгөн программага ылайыктуу жигердүү улантылып жатат.

А.Балтагулова атындагы №21 кесиптик лицейде Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан алкагында «Кымча бел келген татына, кыздары сонун кыргыздын. Конок келсе үйүнө, даамы сонун кыргыздын» аттуу улуттук тамак-аштарды даярдоо мастер классы өткөрүлдү. Бул иш чара Т.Балтагулов айыл аймагы тарабынан каржыланып, айыл аймактын аялдар кеңеши жана Ала-Бука кесиптик колледжинин директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна, «ГПД»бирикмесинин тарбия иштери боюнча орун басары Бактыяр Абдумажитов, студенттик жаштар комитетинин төрайымы Элгиза Козукулова жана биздин студент кыздар активдүү катышып келишти.