Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнин
Ала-Бука кесиптик колледжинин студенттери-Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүн белгилешти.

17-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнин Ала-Бука кесиптик колледжинин студенттери 20-ноябрь күнү Ала-Бука ресторанында «Кайрылып келбес, канатын кербес, студенттик күндөрдөн бир элес» аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү.

Майрамдык салтанатка окуу жайдын директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна директордун орун басарлары жана окутуучулар жааматы катышып, студенттерди майрамы менен куттуктап, окууда, коомдук иштерде активдүү жүргөн студенттерге университеттин жана колледждин «Ардак грамоталарын» тапшырышты. Иш чарада студенттер үчүн кызыктуу оюндар уюштурулуп жакшы маанай тартууланды.

Мындан сырткары, студенттик жаштар комитети жана дене-тарбия окутуучусу З.Казакова тарабынан уюштурулган спорттук иш чаралардын жеңүүчүлөрү да сыйланышты. Жетекчилик тарабынан дагы мыкты студенттерге диплом жана белектер берилди. Майрамдык иш чара Ала-Бука кесиптик колледжинин студенттик жаштар комитети Козукулова Элгиза Азимкуловна жана Ф9-1-22 тайпасы тарабынан мыкты деңгээлде уюштурулду.