2025-жылдын 6-ноябрь күнү Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнин Ала-Бука кесиптик колледжинин каржы, экономика окутуучусу Козукулова Элгиза келечектен көптү үмүттөндүргөн каржы тармагынын келечектин кесип ээлери Ф9-2-24 тайпасына «Финансы,акча жүгүртүү жана кредит» предметинен лекциялык ачык сабак өттү.
Биз биргеликте каржы тармагын ар тараптуу таанып билүү, өздөштүрүү менен өлкөбүздүн экономикалык, каржы тармактык өнүгүүсүн өздөштүрө алган теориялык билимибизди практика жүзүндө айкалыштыруу менен бирге бийик максаттарга жетебиз деген максатты көздөп «Капиталдын эл аралык кыймылы жана эл аралык насыя» деген темада көргөзмөлүү предметтик ачык сабак өттү.
Өтүлгөн предметтик ачык сабактын тиби лекциялык жандуу жана интерактивдүү усулдарды колдонуу ыкмалары аркылуу жеткиликтүү максатына жете алды.
Өтүлгөн ачык сабактын жүрүшүндө студенттердин азыркы учурдагы КРдагы жүргүзүлүп жаткан эл аралык каржы ишмердүүлүгүнүн баралдуу көрсөткүчтөрү жана өнүгүү системасына байланышкан суроолоруна экономика каржы окутуучусу Элгиза Козукулова тарабынан кошумча практикалык мисалдарды камтып жеткиликтүү деңгээлде маалыматтар берилди. Өтүлгөн предметтик ачык сабакка окуу жайыбыздын директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна жана «ГПД»бирикмесинин башчысы Кадыркулова Элмира менен биргеликте 4 окутуучу катышып сабак өз максатына жетти.
