Өз кесибинде чыгармачылык эргүү менен мыкты чеберчиликте, кесип ээлерине билим тарбия берип ,талыкпаган устат эжекелердин үзүрлүү эмгегине таазим.
Бүгүн билим ордосу Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинде математика окутуучусу Акишова Гүлшайыр Ныязбековна эжекебиздин предметтик ачык сабагына катышып, баарыбыз сабак өтүүнүн заманбап ыкмаларын, сабак өтүүдөгү мыкты чеберчилигине күбө болдук.
Устат эжекебиздин чыгармачылыгында чексиз ийгиликтер жарала берсин.
Аталган предметтик ачык сабак 2025-жылдын 20-май күнү «Геометрия»предметинен «Конус жана кесилген конустардын көлөмдөрү» деген аталышта өтүлүп өз максатына жетип»эң жакшы»деп бааланды.



