Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинде быйылкы бүтүрүү кечеси өзгөчө салтанаттуу белгиленип чоң турмушка жолдомо алды.
Салтанат окуу жайдын жетекчилигинин куттуктоо сөздөрү менен ачылып, окуудагы мыкты жетишкендиктери, маданий-массалык жана коомдук иш-чаралардагы активдүү катышуусу менен айырмаланган студенттер университеттин жана колледждин Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Мындан тышкары, колледж менен үзүрлүү кызматташып келген ата-энелерге окуу жайдын Ыраазычылык баракчалары тапшырылып, алдыңкы студенттер колледждин Ардак грамоталарына ээ болушту.
Кеченин көркүн окуу жайдын Ф-9-2-24 жана ПНК-9-24 тайпасынын студенттери кураторлору Дилфуза Турсунова жана Бактыяр Абдумажитов менен биргеликте колледждин таланттуу студенттеринин коштоосунда даярдаган концерттик программа ачып, бүтүрүүчүлөргө жана конокторго жагымдуу маанай тартуулады.
Белгилей кетсек, быйыл окуу жайыбызда 4 тайпадан турган 100дөн ашуун студент ийгиликтүү аяктап, келечекке ишенимдүү кадам таштоодо.

✨ Урматтуу бүтүрүүчүлөр, алдыдагы жолуңар байсалдуу болсун, максаттарыңар ишке ашсын!

Показать меньше