Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинде Билим күнү жогорку маанайда белгиленди
2026-жылдын 15-сентябрында жаңы окуу жылынын башталышына арналган Билим күнү 2- окуу имаратында белгиленди.
Майрамдык иш чарага Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнин Ала-Бука кесиптик колледжинин директору, окутуучулар жамааты, студенттер ата-энелер жана Ала-Бука инновациялык мектебинин окуучулары катышты.
Ала-Бука кесиптик колледжинин директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна окуу
корпусунун 2-окуу имаратында өткөн салтанаттуу иш чараны ачып, быйылкы окуу жылына карата аткарылган иштерге,о.э быйылкы окуу жылына билим сапатын өнүктүрүү жана билүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында окутуучулар курамы толукталгандыгын баса белгиледи.
Ошондой эле жаңыдан Ала-Бука инновациялык мектебинин босогосун аттаган окуучуларга, келечекте татыктуу кадр болом деген студенттерге ийгилик каалап, ар тараптуу билим тарбия алган татыктуу келечек ээлери мамлекетибиздин жаркын келечеги боло алат деген аруу тилектерин кошумчалады.

Майрамдык салтанат окуу жайыбыздын студенттик жаштар комитетинин төрайымы Элгиза Козукулова тарабынан уюштурулуп, таланттуу студенттери о.э.Ала-Бука инновациялык мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

0:00 / 0:40