«Диний экстремизм жана терроризмдин» алдын алуу жана болтурбоо максатында РАЙОНДУК_ТЕГЕРЕК_СТОЛ
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-2027-жылдарга 2023-жылдын 19-сентябрындагы 551-т тескемеси менен бекитилген экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү программасынын негизинде бекитилген максаттуу тапшырмасын ишке ашыруу үчүн уюштурулган тегерек стол өз максатына жетти.
«Диний экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө адам укуктарынын сакталышы, корголушу жана мыйзам алдындагы жоопкерчилиги негизги башкы маселе».
Бүгүн 2024-жылдын 19-март күнү Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнин Ала-Бука кесиптик колледжинде райондук масштабда «Диний экстремизм жана терроризмдин» алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн тегерек стол өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Ала-Бука Райондук Мамлекеттик Администрациясынын башчысынын социалдык иштери боюнча орун басары Жүнусалиева Асель Айтыкуловна, Ала-Бука кесиптик колледжинин директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна, Ала-Бука районунун К.Шарипов атындагы мечитинин имамы Турдуматов Бахрамжон, Ала-Бука РИИБнун МАЫ өкүлү милициянын лейтенанты Айбек Шайбеков, Ала-Бука райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө балдарды коргоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы Шадиева Элнура Орозбаевна, Ала-Бука райондук жаштар иштери боюнча адиси Айтиева Сажида Кочкоралиевна жана Ала-Бука РИИБнун БИИ инспектору-Токторбаева Айпери келип, тийиштүү маалыматтар берилип, студенттер тарабынан сахналаштырылып даярдалган көрүнүштөр көрсөтүлүп докладдар окулуп, суроо жооптор берилип толук маалыматтар алынды.