#Табиятты_сактайлы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жыл 19-мартындагы «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун сактоо жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» ПЖ #77 жарлыгынын алкагындагы студенттер арасында экологиялык аң сезимди калыптандыруу, айлана чөйрөгө аяр мамиле жасоо, жаратылышты коргоо көндүмдөрүн өркүндөтүү максатында «Табиятты сактайлы’ үч айлыгы жарыяланган. Биз ата бабаларыбыздан кооз табиятты келечек муундарга бүтүн өткөрүп беришибиз керек.
🌱☘ 2024-жылдын 14-март күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинин баардык тайпаларына эдвайзерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын максаттуу жана жоопкерчиликтүү ишке ашыруунун негизинде 2024-жылдын 25-январынан 21-декабырына чейин пландалган ишмердүүлүктү колго алуу менен бирге жаштар арасында табияттын кооздугун сактоо жана өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун бекемдөө үчүн «Атмосфералык абаны коргоо» ошондой эле «Айлана чөйрөнү коргоо» аталышында көргөзмөлүүү тарбиялык куратордук сааттар өтүлүп, ал эми бүтүрүүчү курстар үчүн «ГПД» бирикмесинин география окутуучусу Акматбек Чынастанов тарабынан
«Табият менен таттуу мамиледе бололу» аталышында конок лекция өтүлдү.
🌲🌿Өтүлгөн тарбиялык куратордук сабактардын негизги максаты — адамзаттын көңүлүн айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине буруу.
👨👩👦👦🌳Биз ата-бабаларыбыздан кооз табиятты келечек муундарга бүтүн өткөрүп беришибиз керек.
♦️Урпактарыбыздын экологиялык таза чөйрөдө жашоосу үчүн өлкөнүн сейрек учуроочу ажайып кооз табиятын сактап калууга олуттуу салым кошууну колго алышыбыз керек.
🕊🌳Экологиялык тарбия — бул өсүп келе жаткан муундун экологияга болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга алып келет деп ишенебиз.
Районубуздун тазалыгын сактоо баарыбызга маанилүү!
🏞️2024-жылдын 16-март күнү Ала-Бука районунда ишембилик болуп өттү. Биздин билим ордосу Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинин жалпы жамааты да ишембиликке активдүү катышуу менен өзүбүзгө бөлүнгөн аймактагы акыр-чикирлерден тазалоо ийгиликтүү аткарылды. Ошондой эле эски дарактар кыйылып, ордуна жаңы жаш көчөттөр отургузулду.