Кыргыз Республикасын Мамлекеттик туу күнүнүн 32 жылдыгы белгиленди.

Ала-Бука районунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун 32 жылдыгы райондук мекеме-уюмдардын жана 30670 аскер бөлүгүнүн катышуусунда белгиленди.

Алгач Б.Сыдыков атындагы кесиптик колледжинин студенттери жөө жүрүш менен мамлекеттик тууну даңазаласа, 30670 аскер бөлүгүнүн ардактуу кароолу Кыргыз Республикасын гимнинин коштоосунда мамлекеттик тууну көтөрдү.

Райондун акими Кайырбек Чаргынбаев 1992-жылы 3-мартта кабыл алынып, бүгүнкү күнгө чейин желбиреп, эркиндикти даңазалап келген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун алдында өсүп-өнүгүүнү жана мамлекеттик символикабыз болгон тууну урпактарга сактап берүү милдетибиз экендигин баса белгилеп, куттуктоосун жолдоду. Ошондой эле аксакалдар кеңешинин төрагасы Махмуд Максымбеков жана Маматкул Мамырбеков сөз сүйлөп, куттуктоосун билдиришти.

Кыргыз Республикасын Мамлекеттик туу күнү бардык аймактардаи белгиленди.
#Ак_калпак_күнү.
♦️Ар жыл сайын 5-мартта “Ак калпак жана Улуттук кийим күнү” белгиленет. “Ак калпак күнү”- деп 2011-жылы жарыяланган, анын негиздөөчүсү Рысбек Жабиров. Бул күн улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданий мурасын, каада-салтын, жашаган жерин, статусун туюндуруу максатында кабыл алынган.

“Ак калпак” жана “Улуттук кийим”, улуттук символ катары кийинки муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан бул майрам өзүнүн майрамдык датасына ээ болгон. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болууда.

2024-жылдын 5-март күнү Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун Ала-Бука кесиптик колледжинде окуу жайыбыздын эр азаматтары, жаштар комитети Элгиза Козукулова менен биргеликте Ала-Бука айыл аймагында “Ак калпак күнү” жөө жүрүш менен башталып, жалпы көчө боюнда жумушка бара жаткан жарандар, студенттердин патриоттук эрктүүлүгүнө баа берип ыраазычылыктар айтылып, ар бир жарандардын жүрөгүндө азда болсо мекенге, элибиздин нарктуулугуна болгон жылуулук ыроолоду.
🎊Бүгүнкү Ак калпак күнү майрамыңыздар кут болсун!
Бүт дүйнө тааныйт, билгендей
Күн нуру бизди сүйгөндөй,
Ак калпак кийип кыдырсак,
Аскалар басып жүргөндөй.
Касиеттүү Ак калпактын кадырына жетип, барктап, баалап, кастарлап кийип жүрө бериңиздер КЫРГЫЗЫМДЫН МЫРЗАЛАРЫ.