Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, административдик-чарба департаментинин директору Кантов Жеңишбек Абытбекович, окуу департаментинин директору, доцент Юсупов Алишер Шавкатбекович, административдик-чарба департаментинин эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча инспектору К.Мисиралиев Ала-Бука районундагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжине иш сапары менен барып келишти.

Иш сапарынын алкагында колледждин окутуучулар жамааты, студенттер менен жолугушуу уюштурулуп, материалдык-техникалык базасынын абалы, өнүгүү перспективалары каралды.

Колледжде орто кесиптик билим берүү боюнча башталгыч класстарды окутуу, мектепке чейинки билим берүү жана финансы багыттары боюнча 280 студент билим алат. Эмгек жамаатында 19 окутуучу иштейт. Алардын ичинен илимдин кандидаты, доцент, КРнын эмгек сиңирген мугалими, ага окутуучу, билим берүүнүн мыктылары бар. Учурда колледжди Кожобекова Гүлкайыр Муратовна жетектеп келет.