Ачык эшиктер күнү

 

⏱2024-жылдын  17-май күнү Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун Ала-Бука кесиптик колледжинде “Ачык эшиктер күнү” өттү.

Аталган иш-чарага Ала-Бука кесиптик колледжине тапшырууну каалаган Ала-Бука районунда жайгашкан айыл, кыштактарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү, алардын ата-энелери жана мектептердин мугалимдери катышты.

 

Ачык эшиктер күнү мектеп  бүтүрүүчүлөрүн окуу жайдын түзүмдөрү, материалдык-техникалык базасы менен тааныштыруу максатында уюштурулду. Мектеп бүтүрүүчүлөрү алгач колледждин адистик билим берүү багытын чагылдырып, уюштурулган көргөзмө менен таанышып чыгышып, андан соң Ала-Бука кесиптик колледжинин чыгармачыл студенттери жана Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнин Ала-Бука инновациялык мектебинин окуучулары тарабынан уюштурулган концерттик программага күбө болушту.

 

Соңунда Ала-Бука кесиптик колледжинин директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна мектеп бүтүрүүчүлөрүнө окуу жайдын жалпы жамааты менен тааныштырып, колледждин тарыхы, адистик багыттары боюнча кыскача маалымат берди.

Аталган иш-чарада окуу жайыбыздын директору Кожобекова  Гүлкайыр Муратовна тарабынан мыкты жетишкендиктерди жаратып, ар дайым изденүү менен келечекке максаттуу кадам шилтеп, мамлекетибиз үчүн баралдуу  салым кошом деген аруу тилек менен билим алып жаткан алдыңкы студенттердин ата-энелерине «Ыраазычылык каттар» ыйгарылып келген ата-энелердин, жакындарынын жүзүнө сүйүнүчтөн жылмаю тартууланды.

 

Ал эми мектеп бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн кызыктырган суроолорун колледждин активдүү студенттерине жана бүтүрүүчүлөрүнө узатышып, окуу жай жөнүндө кенен маалымат  ала алышты. Жалпысынан аталган “Ачык эшиктер” күнүнө мектептерден беш жүзгө чукул бүтүрүүчү келди.