Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында спорттун волейбол, футбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, шайыр старттар жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча кышкы спартакиада болуп өттү.
🔷 Кышкы спартакиаданын алгачкы күнү шайыр старттар эстафетасы жана шахмат мелдеши менен башталып, катышуучулар үчүн жагымдуу эс алуу уюштурулду.
🔷 Спартакиаданын расмий ачылыш аземинде “Достук” спорт клубунун жетекчиси Азат Токтобаев командалардын даярдыгы тууралуу жетекчиликке рапорт берди. Университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков өз сөзүндө профессордук-окутуучулар курамынын жана студенттердин спорт тармагындагы жетишкен ийгиликтерине токтолуп, сергек жашоону калыптандыруу менен бирге спорт менен үзгүлтүксүз алектенүүгө чакырды. Ошондой эле материалдык-техникалык базаны чыңдоо максатында башкы корпустун аймагына заман талабына ылайык спорттук имарат куруу пландары бар экенин белгиледи.
🔷 Ал эми окуу жайдын Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шерали Эгембердиев спорт аркылуу эмгек жамааттын ынтымагын бекемдөө маанилүү экенин айтып, катышуучуларга ийгилик каалады. Иш-чаранын алкагында окуу жайдын профсоюз уюму тарабынан кофе-брейк уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланды.
🔷  Спорттук беттештерге жалпысынан 9 команда катышууда.
🔷 Спартакияга Ала-Бука кесиптик колледжинин окуттуучулар курама командасы барып келди.Ар бир спорттук оюндун түрлөрү боюнча команда активдүүлүгүн көрсөтө алды жана грамота баалуу сыйлыктарга ээ болушту