2026-жылдын 20-февраль күнү 21-февраль-Бүткүл дүйнөлүк тил күнүнө карата Ала-Бука кесиптик колледжинде «Келечек муун жана тил мурасы» аттуу иш чара өткөрүлдү.
Иш чаранын максаты – эне тилдин кадыр-баркын көтөрүү, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана жаш муунду тилди урматтоого тарбиялоо болду. Студенттер тил жөнүндө көркөм ырларды айтып, макал-лакаптарды жаңыртып, сахналаштырылган көрүнүштөрдү көрсөтүп жана ыр бий менен коштолгон концерттик программа болуп өттү.
Ошондой эле кызыктуу оюндар уюштурулуп, активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык билдирилип таттуу белектер тапшырылды.
Эне тил – улуттун жан дүйнөсү, тарыхы жана мурасы. Ар бирибиз тилибизди сактап, өнүктүрүп, келечек муунга таза жеткирүүгө милдеттүүбүз.
Өткөрүлгөн иш-чара «ГПД»бирикмесинин тарбия иштери боюнча орун басары, ПНК-9-7-25тайпасынын куратору педагогика окутуучусу Мирзахмедова Айгүл Джурабаевна тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.



