Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы «Инсандын руханий адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө концепциясын бекитүү тууралуу «Пж N-313»
2022-2027-жылдарга Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу N-303
Жарлыктарынын алкагында 15-февраль Советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 27жылдыгы жана 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата 2026-жылдын 24-февраль күнү Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун Ала-Бука кесиптик колледжинде Ала-Бука Райондук Мамлекеттик Администрациясы, Ала-Бука кесиптик колледжинин диретору, о.э Ала-Бука райондук Аскер Комисариятынын демилгеси менен «Эр жигит эл четинде Азамат жоо бетинде» деген аталышта майрамдык иш чара болуп өттү.
Аталган иш-чарага Ала-Бука Райондук Мамлекеттик Администрациясынын апарат жетекчиси Эркин уулу Баяман, 2030 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары майор Болотбеков Улукман Жапаркулович, Ала-Бука комисариятынын орун басары капитан Шамшарбек уулу Үмүтбек, Тажик Ооган тынчтык орнотуу миссиясынын төрагасы прапорщик Мырзабаев Нурсултан Пайзилдаевич, Ооган ардагерлери, мекеме ишканалардын жетекчилери жана тийиштүү адистери менен биргеликте окуу жайыбыздын студенттери катышты.
Иш-чаранын алкагында Ооган ардагерлеринин каармандыктары, бизге үлгү жана унутулгус тарых экени ошондой эле Ала-Бука аскер комиссариаттарынын аткарган кызматтары өлкөбүздүн, коомубуздун тынчтыгынын бейпил жашоосунун маңызы экендиги баса белгиленип иш-чаранын жалпы жүрүшүндө Ала-Бука кесиптик колледжинин студенттик жаштар комитетинин төрайымы, экономика окутуучусу Элгиза Козукулова алып барып студенттер тарабынан сахналаштырылып даярдалган көрүнүштөр, ыр бийлер, көркөм окуулар окулуп келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.




