Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинде 2026 -жылдын 23-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнө карата «Тил тагдыры-эл тагдыры » темасында ПНК-9-9-24 тайпасынын студенттеринин катышуусунда иш чара болуп өттү .Бүл иш чараны колледждин директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна ачып берди.Кечеде саламдашуу, көркөм окуу, ыр, бий,көрүнүш тама шоу, ак ийне айтылып студенттер жогорку деңгээлде аткарып жыйынтыкталды. Жыйынтыктоо үчүн сөзгө Кожобекова Гулкайыр Муратовна жана ГПД бирикмесинин башчысы Турсунова Дилфуза, Илимий иштер боюнча бирикменин жардамчысы Акишова Гүлшайыр, тарбиялык иштер боюнча Хажинурдинова Хабибага сөз берилди. Алар мамлекеттик тил күнү менен куттуктап студенттердин чыгармачылыгын баалады.Ошондой эле адабий кече жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгиледи. Тайпанын куратору Мирзабекова Назирага жана тайпанын студенттерине ыраазычылык билдирип чыгармачылык ийгилик каалады. Ошондой эле студенттерди мамлекеттик тилди сыйлоого, урматтоого жана эне тилде сүйлөөгө үндөдү.

Показать меньше
0:00 / 0:08
Все реакции:

3